Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууга Орусия жооп берерин, Коргоо министрлиги тиешелүү сунуштарды даярдап жатканын билдирди.
"Албетте, Орусия тараптан жооп болот. Коргоо министрлиги тиешелүү сунуштарды даярдап жатат", - деди ал Крым көпүрөсүндөгү кырдаал боюнча уюштурулган жыйында.
Ал ошондой эле бул жардыруунун теракт катары бааларын, көпүрөдөгү коопсуздук чараларын жакшыртуу боюнча сунуштарды күтүп жатканын билдирди.
Крым көпүрөсүнө кечээ, 17-июлга караган түнү эки дрон чабуул жасаган. Чабуулдун натыйжасында көпүрөнүн жол тилкеси бузулуп, жубайлар каза болуп, кызы жаракат алган. Көпүрөдө унаа кыймылы үзгүлтүккө учурады.