Кечээ, 17-июль күнү кечинде Баткен облусунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 21:52де Баткен облусунун аймагында катталган.
Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.