Казакстанда 2 жашар бала кир жуучу машинага кирип кеткен. Ага куткаруучулар чакырылды

Кечээ, 17-июлда Казакстанда кир жуугуч автомат машинанын барабанынан чыга албай калган бала куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя Уральск аймагында саат 14:20да болгон. Анда 2 жашар бала кир жуугуч машинанын ичине кирип, кайра чыга албай калган. Баланын ата-энеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин чакырышып, жабырлануучуга тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.

"Куткаруу кызматына жаш баланын кир жуугуч автомат машинанын барабанынан чыга албай калганы боюнча маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар тиешелүү инструменттердин жардамы менен баланы чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришти. Балага тиешелүү медициналык кызматтар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан