Ош шаарында өз жанын кыюуга аракеттенген аял куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 17-июль күнү А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кулпуланган эшикти ачканда аял уктап жатканы аныкталып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы.