Кыргыз Республикасынын Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы ыйгарылды. Бул тууралуу акын Максат Жангазиев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалым болгондой, сыйлыкты аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырган. Сыйлык Дүйшеевге түрк дүйнөсүндөгү үзүрлүү эмгеги үчүн берилген.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Уюмунун максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу болуп саналат. Уюм жыл сайын маданият тармагында эмгектенген түрк тилдүү залкарларга сыйлык тапшырып келет.
Шайлообек Дүйшеев Кыргыз эл акыны, II жана III даражадагы Манас орденинин, КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты.