Бишкекте ун саткан адамды ири суммадагы акчага алдап кеткен жаран кармалды. Ал ортомчу болгон

Панфилов районунда телефон аркылуу ишенимге кирип, ишкерди ири суммадагы акчага алдап кеткен ортомчу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда Ички иштер органдарына Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал жазган арызында өзү жеке ишкер экендигин, ун сатуу менен алектенерин жана телефон аркылуу буйрутма берген белгисиз жаранга ири суммадагы акчасын алдатып жибергенин билдирип, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучунун айтымында, июнь айынын ортосунда ага белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду унаага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ири өлчөмдөгү ун жөнөтүлүп, бирок акчасы келген эмес.

Бул факты боюнча Токмок ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алдамчы сатуучу менен кардардын ортосундагы ортомчу экендиги аныкталган. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны ортомчу таксист аркылуу алдырып, өз эсебине котортуп алган. Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин белгилүү болгон. Шектүү ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген.

Жогорудагы кылмышка эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси бардыгы аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ЖАКтын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн иштердин жыйынтыгы менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан