Дүйнөлүк күрөш уюму Будапешт шаарында өткөн 4-рейтингдик турнирдин акчалай сый акыларын жарыялады.
Будапешттеги рейтингдик турнирде алтын байге уткандарга 1500 швейцариялык франк (153 миң сом), күмүш байге уткандарга 700 франк (71 миң 600 сом) жана коло байге уткандарга 500 франк 51 миң сом) берилет.
Аталган турнирде Кыргыз курамасынан алтын медалды жалгыз гана Айсулуу Тыныбекова утту. Күмүш байгени 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков утса, Икромжон Хаджимурожов коло байгеге ээ болду.