Түштүк Кипрда эпидемиядан улам 300 миңдей мышык кырылып калды

Түштүк Кипрда жыл башынан бери FIP эпимедиясынан улам 300 миң мышык өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, FIP эпимедиясы мышыктарды өлүмгө алып келген вирустун бир түрү. FIP оорусу мышыктарда дене табынын көтөрүлүшү, арткы буттарын кармай албоосу, табиттин жоголушу жана суу ичпөө сыяктуу белгилер менен байкалат. Акыркы айларда жугуштуу оору Түркия, Израил жана Ливанда жайылып жатканы айтылууда.

"FIP эпимедиясы коронавирустун мышыктын денесинде мутацияланып, жугуштуу ооруга айланышы. Мышыктардын бул ооруга туруктуулугу төмөн. Ошондуктан вирустук оорулардын коркунучун азайтуу ар дайым маанилүү"-деп билдирген окумуштуулар.

Ошондой эле аталган вирус мышактан адамдарга жукпайт. Бирок үй жаныбарын эртерээк дарылабаса, анын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Адистер мышыктын идиштерин жана тазалоочу щеткаларын да бат-баттан алмаштырып турууну сунушташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан