
Баткен облусунда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:45те Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, Баткенде кечээ, 17-июль күнү кечинде дагы күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталган.