Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмүн кеминде 500 сомго көтөрүү пландалууда. Аталган токтом долбоорун Социалдык фонд иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлду.
Токтом долбооруна ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүнө индексациялоо коэффициентин 1,38 өлчөмүндө бекитүү сунушталууда. Мында пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү эң аз дегенде 500 сомго көбөйтүлмөкчү.
Ал эми министрлер кабинети бул үчүн 3 миллиард 975 миллион 843 миң 900 сомду кароону пландап жатат.
Ошондой эл көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо көлөмү 9 миң 413 сомду түзүп, азыркыга караганда 1 миң 728 сомго көбүрөөк болору маалымдалды.
Акыркы расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө пенсионерлердин саны 765,6 миң адамды түзөт.