Египетте белгисиз ооруга чалдыккандар көбөйүүдө

Египеттин Кена провинциясындагы Аль-Кус айылында белгисиз вирусту жуктурган 67 учур катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, акыркы бир нече жуманын ичинде Аль-Кустун тургундары жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылышкан. Дарыгерлер бейтаптардын абалын карап, "денге" жугуштуу оорусу менен ооруп жатканын айтышкан. Бирок азырынча Министрлик тарабынан аталган оору боюнча расмий маалымат берилет элек.

Ал эми бийлик өкүлдөрү оору чиркейлер аркылуу жуккандыктан суу булактарынын оозун бекитүүгө жана өздүк гигиенаны сактоого чакырууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, аталган оору адатта 2 күндөн 7 күнгө чейин созулган сасык тумоого окшош симптомдор менен коштолот. Биринчи симптомдор чиркей чаккандан 4-10 күндөн кийин пайда болот. Оорунун жалпы белгилерине баш оору, жүрөк айлануу жана кусуу, муундардагы, сөөктөрдөгү же булчуңдардагы оору менен коштолгон жогорку температура кирет.

Эске салсак, "денге" оорусу Түштүк-Чыгыш Азияда, өзгөчө Тайландда кеңири тараган. Акыркы маалыматтар боюнча, ушул жылдын 7-июнуна карата катталган инфекциялардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 500 пайызга өскөн. Буга байланыштуу Тайланд бийлиги туристтерди эс алууда сактык чараларын көрүүнү суранууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан