Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасы турнирди быйылтан баштап бир нече атактуу футболчулары жок өткөрөт. Футбол ааламында легенда футболчуга айланып калган Лионель Месси баштаган бир нече футболчулар башка континенттик лигаларга кетүүдө. Мындан улам быйыл Чемпиондор Лигасында кайсы футболчулар ойнобой тургандыгын тизмектеп көрдүк.
Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасындагы голдордун саны боюнча рекорд жараткан футболчу. Ал 2017-жылдын 18-апрелинде Роналду Чемпиондор Лигасында 100 гол киргизген биринчи футболчу болгон. Бул үчүн ага 137 гана жетиштүү болду. Роналду беш жолку Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (бир жолу "Манчестер Юнайтед" менен, төрт жолу "Реал Мадрид" менен). Ал Чемпиондор Лигасынын үч финалында гол киргизген жалгыз оюнчу.
Ушул жылдын башында Роналду "Манчестер Юнайтед" клубунан Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубуна өткөн. Жакында эле берген маегинде 38 жаштагы Роналду эми Европа футболуна кайтпай турганын айтты. Бул эми Роналдуну Чемпиондор Лигасынан көрбөйбүз дегенди билдирет.
Лионель Месси.
Месси Чемпиондор Лигасынын тарыхында бомбардир болгондордун арасында Роналдудан кийин эле экинчи орунда турат. Ошондой эле ал дагы Чемпиондор Лигасында 100 гол киргизген Роналдудан кийинки эле экинчи футболчу.
Лионель Месси укмуштуудай оюну менен Чемпиондор Лигасынын оюндарын кызыктуу кылып келчү. Быйыл ал "ПСЖ" клубунан АКШнын "Интер Майами" клубуна өттү. Месси эми Чемпиондор Лигасына кайтабы же жокпу азырынча белгисиз.
Карим Бензема.
Карим Бензема дагы Чемпиондор Лигасындагы бомбардир футболчулардын катарында. Роналду "Реалдан" кеткенден кийин командадагы лидерлик дал ушул футболчунун колуна тийген жана Бензема лидерлик сапатын жакшы көрсөтө алды.
Бензема күтүүсүз жерден акыркы мүнөттөрдө гол киргизгени менен белгилүү. Өкүнүчтүүсү биз эми Чемпиондор Лигасында Бенземаны дагы көрө албайбыз. Ал жакында эле күтүүсүздөн Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубуна кетти.
Луис Суарес.
"Барселона" футболдук клубунда укмуштуудай карьерасын өткөрүп, командадагы лидер оюнчулардын бири болгон Луис Суарес дагы эми Чемпиондор Лигасында ойнобойт. 36 жаштагы уругвацлык футболчу 2014-жылдан 2020-жылга чейин "Барселона" клубунда ойноп, 1 жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Андан кийин "Атдетико Мадридке" өткөн Суарес 2022-жылы Уругвайдын "Насьональ" клубуна кошулган. Быйыл Бразилиянын "Гремио" клубунун катарын толуктады.
Н'голо Канте.
Франциялык дагы бир белгилүү Н'голо Кантени биз быйыл Чемпиондор Лигасынан көрбөйбүз "Челси" клубу менен чемпион болгон Н'голо Канте Карим Бенземанын аркасынан эле Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубуна өттү. Ал Бенземага караганда аз каражат алат жана аталган клубда үч жыл оюн өткөрөт.
Роберто Фирмино.
"Ливерпуль" клубуна Суарестин орун басары катары келген Роберто Фирмино дагы быйыл Чемпиондор Лигасында жок. Ал акыркы убактарда англиялык клубдун алмашуудагы оюнчуларынын катарына көбүрөөк отуруп, трансфер терезеси ачылгандан кийин Сауд Арабиянын "Аль-Ахли" клубуна кошулду. Фирмино ал жактан "Ливерпулга" караганда көбүрөк каражат табат.