Дээрлик 4 айга жакын убакытта Ысык-Көлдүн түбүнөн 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.