Кыргызстан алты айда 35 миң тоннага жакын сүт экспорттоду

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 6 айында 34 миң 975,2 тонна сүт экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен Орусияга 1,5 миң тонна, Казакстанга - 32,9 миң тонна, Өзбекстанга - 416 тонна, АКШга - 24 тонна сүт экспорттолду.

Ага ылайык, 2022-жылдын 12 айында 36 миң 459,4 тонна сүт азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон болсо, 2023-жылдын 6 айында 34 миң 975,2 тонна же өткөн жылдын жылдык көлөмүнүн 92%ы экспорттолду.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 20-июнунан тартып "Ак-Булак Плюс", "Ак-Жалга", "Жайыл Милк", "Ала-Тоо сүт" сүттү кайра иштетүүчү ишканалары сүт азыктарын Орусияга экспорттой баштады.

"Ал эми Өзбекстандын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Кыргызстандын 75 ишканасы берилип, 36 ишкана каттоодон өттү, анын ичинен 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын экспорттоодо", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан кошумча сүттү кайра иштетүүчү 4 ишканага жана 5 балык чарба ишканасына Россельхознадзор тарабынан онлайн текшерүү жүргүзүү макулдашылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан