Орусияда "Вагнердин" 2 мүчөсүн атып өлтүргөнгө шектелип Кыргыз жараны кармалганы айтылууда

Орусияда "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын мурдагы эки мүчөсүн өлтүргөнгө шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык База телеграм каналы жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 6-июлда Орусиянын Воронежск облусундагы Воронежск-Луганск унаа жолунан анча алыс эмес жерде аскердик кийимчен 2 адамдын сөөгү табылган. Милиция аларды белгисиз бирөөлөр атып кеткенин билдирген. Каза тапкандардын жанында өздүгүн тастыктаган эч кандай документ болгон эмес. Бирок окуя болгон аймактан анча алыс эмес жерден ичинде ок атуучу куралдары бар "Буханка" аталышындагы уазик табылганы белгилүү болгон.

Кечээ, 17-июлда орусиялык басылмалар каза тапкан 2 жаран "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын мүчөлөрү болгонун жазып чыгышты. Маалыматка караганда алар 23-24-июнда болуп өткөн козголоңго катышуудан баш тартканы үчүн өлтүрүлгөн. Аталган кылмышка шектүү катары 25 жаштагы кыргызстандык Ярослав Шеховцов аттуу жаран кармалган. Сурак учурунда ал күнөөсүн мойнуна алып, өзү дагы "Вагнердин" мүчөсү экендигин айтып, жогорудагы 2 адамды козголоңго катышпай койгону үчүн буйрутманын негизинде өлтүргөнүн билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган маалымат боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кошумча маалымат берилери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан