Бүгүн, 18-июлда президент Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 18-20-июлдагы жумушчу сапардын алкагында Садыр Жапаров Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
Улукбек Марипов - Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
Данияр Амангельдиев - экономика жана коммерция министри;
Тойгонбай Абдыкаров - Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
Талгат Аширбеков – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.