"Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган". Ошто алдамчылыкка шектүү кармалды

Ош шаарында өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, таанышынан 150 миң сомдой акчасын алдап алган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардык милицияга Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айында С.Т. аттуу жаран өзүн "УКМК кызматкеримин" деп тааныштырып, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин "тааныштарым бар, бүтүрүп берем" деп жалпы 158 миң 100 сом акчасын алып, изин жашырып кеткен адамга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Ага ылайык, жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту сырттан камоо чечимин кабыл алып, шектүүгө издөө жарыялаган.

Учурда шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына алынып келинүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, тинтүү учурунда шектүүгө таандык болгон "Антикоррупциялык элдик көзөмөл" коомдук бирикмесине тиешелүү болгон күбөлүк табылган. Кызматтык күбөлүктүн канчалык мыйзамдуу экенин тергөө аныктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан