Өзбекстанда жаныбарларга аёосуз мамиле жасагандар абакка кесилиши мүмкүн

Өзбекстанда жаныбарларга аёосуз мамиле кылгандар абакка кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Өзбекстандын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 111-беренесине ылайык, жаныбарларды кыйноо же аларга зыян келтирүү 3төн 5ке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (990 миңден 1 миллион 650 миң сумга чейин) айып салууга же 15 суткага камакка алууга алып келет.

Ал эми административдик жаза колдонулгандан кийин жаныбарларга кайрадан аёосуз мамиле кылынып, малды өлтүрсө анда 6 айга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле 16 миллион 330 миң сум (123 миң сом) айып пул салынышы ыктымал.

Өзбекстандын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, аталган өлкөдө жаныбарларга аёосуз мамиле жасаган учурлар көп катталат. Буга чейин иттерди унаасы менен тебелеп кеткен, мышыктарды үйдүн чатырынан ыргытып жиберген видеолор социалдык тармактарда тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан