Ленин районуна аким болгон Жыргалбек Шакиевдин өмүр баяны

Жыргалбек Шакиев 1979-жылы 19-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык жогорку окуу жайын аяктаган.
Саясатка келгенге чейин баалуу металлдарды казуу менен алектенген "Бийкомпакт" ЖЧКсынын директорунун орун басары болуп иштеген.
Эмгек жолу:
2020-жыл, октябрь — "Мекенчил" партиясынын тизмеси (№23 катарда) менен парламенттик шайлоого катышкан;
05.01.2021 - 22.05.2021 — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими;
22.05.2021 - 18.07.2023 — Чүй облусунун Чүй районунун акими;
18.07.2023 — Бишкектин Ленин районунун акими.

Белгилей кетсек, бир тууган агасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан