Өлкөдө мектеп директорлорунун айлыгы жогорулайт

Өлкөдө күз мезгилинен баштап мектептердин директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын (завуч) айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, коллегияга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты. Ал 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүн, анын ичинде аны төлөөнүн системасы толугу менен кайра каралганын эске салды. Эми министрлер кабинети мектеп администрациясынын айлыгын көтөрүүнү пландоодо.

"Ушул жылдын сентябрь айынан баштап биз директорлордун, завучтардын жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын айлык акыларын жогорулатууну пландап жатабыз. Бирок эмгек акынын жогорулашы билим сапатына кандай таасир этерин билүү өтө маанилүү. Билим берүү тармагына эле 2023-жылы 60,9 миллиард сом каралган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиард сомго көп", - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан