Баткенде май айынан бери мобилдик клиника тургундарды акысыз кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткенде айыл-аймактарда мобилдик клиника 2023-жылдын 13-майынан бери Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун жана Сүлүктү шаарынын тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрдү. Учурда 700дөн ашык тургун терапевт, уролог, гинеколог дарыгерлеринин кеңешин алды.
"ВИЧ, вирустук гепатит В жана С, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 1 миң 695 адам экспресс-тестирлөөдөн өтүп, 172 жаранга гепатит Вга каршы вакцина жасалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мобилдик клиника Баткен облусунун тургундарын акысыз кароодон өткөрүүнү 13-июлдан 7-августка чейин улантат.
Анда алар Мин-Чынар, Жаш-Тилек, Ак Калпак, Бүргөндү, Кайтпас, Кыргыз-Кыштак, Алга, Ноогардаш, Хал мион-Гулистан, Орозбеков, Совхоз, Кулду, Көк-Талаа, Марказ, Бак, Арпа-Сай, Исфайрам айыл-аймактарына барышат.