Нельсон Манделаны
акыркы сапарга узатуу аземинде лидерлердин өздөрүн-өздөрү сүрөткө тартуусу
саясатта да чоң талкуу жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда чет элдик басма
сөз каражаттары жазып чыгышты.
Үч лидердин
жылмайып түшкөн сүрөтү бардык ММКларга жарыяланып кеткен соң Улуу Британиянын
премьер-министри Девид Кемеронду Британиянын либерал-демократтар партиясынын мүчөсү
Мартин Хорвуд сөзгө тартып, “Премьер-министрде телефонду колдонуу эрежелери тууралуу
Европа мамлекеттериндеги башка өкмөт башчылары менен талкуулоо болгон беле?” деген
суроону кабыргасынан койгон. Ага Кемерон “Нельсон Мандела залкар инсан болгон.
Анын өлүмү да ар кайсы адамдарды чогултту. Ага келген Хелле Торнинг-Шмитт
сүрөткө түшүү тууралуу сунушун киргизгенде, мен сыпайы макул болдум” деп жооп берген.
Ал эми Даниянын
премьер-министри жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде “Биз ал
күнү сүрөткө абдан көп түштүк. Биздин сүрөткө түшүүбүз, биздин - өлкө башчыларынын
деле кадимки адам экендигибизди айгинелеген” деген.
Ал эми Обаманын
администрациясы президент болгон убактысын Нелсьон Манделаны акыркы сапарга
узатууга багыттаганын билдирген.
Үч лидерди сүрөткө
тартып алган Роберто Шмидт аттуу фотограф “Мен болгону өздөрүн кадимки
адамдардай, өзүбүздөй алып жүрүшкөн саясатчыларды гана сүрөткө тарткам.
Маркумду узатуу салтанатына келгендердин арасынан деле муңайым тарткан башка
лидерлерди жолуктура алган эмесмин. Алар өздөрүн кадимки адамдардай эле алып
жүрүштү" деп билдирген.
Эске салсак, АКШ президенти Барак Обаманын жана Улуу Британия менен Даниянын премьер-министрлери Девид Кемерон, Хелле Торнинг-Шмитттин Нельсон Манделаны акыркы сапарга узатуу аземинде өздөрүн өздөрү сүрөткө тартып жатканын фотокорреспондент "чырк" эттирип алган.