Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап күч болуп жатканын айтып берди. Бул тууралуу министрлик кечээ, 18-июлда расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын жаз айында облустардагы эмгек рынокторунда төмөнкү адистер көбүрөөк талап кылынган:
- тигүүчү,
- айдоочу,
- уста,
- дарыгер,
- медайым,
- компьютердик илимпоз,
- бухгалтер,
- электр газ ширетүүчү
Ал эми аймактар боюнча айтсак, Бишкек шаарында тигүүчү, сатуучу, айдоочу, кароолчу жана тазалык кызматкерлери көп талап кылынса, Ош шаарында тигүүчү, үтүкчү, официант, уста жана медайымдар изделип жатканы белгиленген. Чүй облусунда жогорудагы кесиптерден тышкары жүк ташуучу менен мугалимдер, Ош облусунда айдоочу, фермер, бухгалтер жана кондитерлер жетишпей жатканы айтылган. Жалал-Абадда электрик, ширетүүчү, механик, дене-тарбия мугалимдери жана юристтер аз экендиги аныкталган.