Өлкөдө "социалдык келишим" долбоорунун негизинде 1289 жаңы өндүрүш ишканалары ачылды

Быйыл социалдык келишимдин алкагында өлкө боюнча 1 289 жаңы өндүрүш объектиси ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы мамлекет менен келишим түзүп, 100 миң сомдон алган 9 930 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн дээрлик 13 пайызы чакан өндүрүш ачкан.

Алар төмөнкүлөр:

- 1 183 тигүү цехтери, ошондой эле курак техникасын, түрдүү саймаларды жана кыз-келиндерге сеп даярдаган чыгармачылык цехтер;
- Темир-бетон буюмдарын, пескоблокторду, кирпичтерди жана башкаларды чыгаруу боюнча 17 цех.
- 32 жыгач устачылык цехи, эмерек жана пластик терезелерди чыгаруучу цех,
- 13 самын жасоочу цех,
- 2 кичи тегирмен,
- 12 биожер семирткич жасоочу чакан ишкана,
- 30 үй-бүлө кургатылган жемиш, курут, балмуздак жасоону колго алган.
Белгилей кетсек, "социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарга жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан