Бишкектеги "Октябрь" кинотеатры Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу аталган театрдын басма сөз кызматы билдирди.
"Өткөрүп алуу боюнча келишимге кинотеатрдын жетекчилиги, Кино департаменти жана театрдын жетекчилиги кол коюшту", - деп айтылат билдирүүдө.
Чүй облустук театрынын директору Жумакадыр Курмангалиев билдиргендей жакынкы күндөрү имараттын сахнасын кеңейтүү, кооздоо, көрүүчүлөр отурган залды оңдоп-түздөө иштери башталат.
Эске салсак, "Октябрь" кинотеатры 1957-жылы ачылып, ошондон бери көрүүчүлөргө жергиликтүү жана чет элдик фильмдерди көрсөтүп келген.