
Аламүдүн районундагы Аламүдүн суусуна агып кеткен кичинекей кызды издөөгө бүгүн, 19-июлда 22 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 18-июлда Аламүдүн суусунун жогору тарабында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 27 жаштагы А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.
Кечээ куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кыз табылган эмес. Бүгүн, 19-июлда таң эрте Аламүдүн суусунда издөө иштерин улантуу максатында 22 куткаруучу чыкты.
Кошумча маалымат берилет.