Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму Будапештте өткөн турнирден кийин жаңыланган рейтингди жарыялады.
Анда Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында бир сапка жогорулап, 2-катарга жайгашкан. Учурда аталган салмакта 1-орунду америкалык Кайла Миракл ээлеп турат.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 15-июлда Будапештте өткөн рейтингдик мелдеште жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынган.