Азчылык коалициясы бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда 2013-жылдын бюджетин кабыл алды. Ошондой эле 2013-жылдын бюджетин Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет боюнча комитети дагы колдоого алды. Эми бюджеттин долбоору 13-декабрь күнү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына алынып чыгылат. Кошумчалай кетсек, 2013-жылга карата бюджеттин кирешеси гранттарды эске алганда болжолдуу түрдө 98 миллиард 496 миллион сомду, чыгашасы 115 миллиард 426 сомду, ал эми дефицит 16,9 миллиард сомду түзөт.