Биз социалдык тармакта

Кавер аткарып таанылган Тынысхан менен Элен уулдуу болушту

Кавер аткаруучу жубайлар Тынысхан менен Элен уулдуу болушту. Кубанычы менен ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

"Сүйүнчү, алтындарым. Тынысхан экөөбүз ата-эне болдук. Кудайыма шүгүр, бизде баары жакшы. Куттуктоолорго рахмат"- деп жазган Элен.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы түгөйлөр "гендер пати" уюштурушуп, уулдуу болорун жарыялаган.

Эске салсак, Тынысхын менен Элен 2020-жылы 12-ноябрда үйлөнгөн. Жылдыздуу түгөйлөр кыргыз эстрадасындагы көптөгөн белгилүү ырчылардын чыгармаларын кавер аткарышкан. Алар; "Кимге таштап баратасың?", "Сүйүүнүн керемети", "Махабатым", "Ошондо жакшы болобу?", "Сенсиз жаным", "Эзилип бүтүү" жана башка чыгармалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан