Бишкекте конуштардын биринде 140 орунга эсептелген бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкекте Дордой конушундагы бала бакчанын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, подряддык «Монолит Строй» ЖЧКсы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери аяктап, тышкы жасалгалоо иштери башталды.

Ага ылайык, имаратта уктоочу, оюн-зоок бөлмөлөрү, кампа, ашкана, жуунуу жайы, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Белгилей кетсек, жер участогунун жалпы аянты - 0,57 гектар, ал эми жайдын аянты - 1600 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки блоктон турат, жалпы 140 орунга эсептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан