Түркмөнстандын түндүгүндө мамлекеттик дүкөндүн алдында чыккан пикир келишпестиктен бир аял каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя калкка жеңилдетилген баа менен азык-түлүк таратуу маалында жаралган. Анда сатуучу ундун көлөмү абдан аз экенин, баарына жетпей турганын айткан. Тургундар кезекке карабастан дүкөнгө кирүүгө аракет кылышкан. Көп өтпөй айыл тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташка айланган. Натыйжада 45 жаштагы аял дүкөндүн тепкичинен кулап кетип, ошол жерден каза тапкан. Кырсыкка күнөөлүү деп мамлекеттик дүкөндүн сатуучусу камалган.
Басылмалардын маалыматына караганда, бул окуя Түркмөнстандагы экономикалык кризис жана массалык жумушсуздук күч алып, түркмөн үй-бүлөлөрүн жеңилдетилген баадагы азык-түлүккө муктаж болуп жаткан учурга туура келет. Жеңилдетилген баадагы азык-түлүккө ун, нан жана өсүмдүк майы кирет, алар калкка мамлекеттик дүкөндөр аркылуу таратылат.
Белгилей кетсек, түркмөнстандыктар өздөрүнө тиешелүү болгон нормадагы унду базар баасынан арзан баада жашаган аймагындагы дүкөндөрдөн сатып алса болот. Анда бир жаранга 5 килограмм ун туура келет.