Лионель Мессинин жаңы клубдагы презентациясын үч миллиарддан ашык адам көрдү

Атактуу футболчу Лионель Мессинин "Интер Майами" клубундагы презентациясын 3 миллиард 500 миллионго чукул адам көрдү. Бул тууралуу клубдун тең ээси Девид Бекхэм билдиргенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Тарыхтагы эң атактуу оюнчу биздин шаарга, биздин клубга келди. Ага дүйнө жүзү боюнча көп көңүл бурулду, бул биз дайыма каалаган нерсе. Леонун презентациясын 3 жарым миллиард көрүүчү көргөн, бул абдан чоң көрсөткүч", - деген Бекхэм.

Эске салсак, Месси "Интер Майамиге" эркин агент катары өткөн. Ал америкалык клубда 10-номер менен ойнойт.

Ал буга чейин эки сезонду "ПСЖ" клубунда өткөргөн. Күйөрмандар көптөн күткөн Мессинин дебюту жума күнү, 21-июлда Лига Кубогунун алкагында мексикалык "Крус Асул" клубуна каршы оюнда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан