18-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, Казакстан, Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.
Фестивалдын максаты - диалог аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.
"Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Министрлер кабинети, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан колдоого алынууда"- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле фестивалга 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш аткаруучулар катыша алат. Кыргызстындын атынан фестивалга катыша тургандарды тандоо туру 24-июлда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Тандоо турунан өткөн 3 катышуучу фестивалга жолдомо алат.
Ысык-Көл фестивалынын катышуучуларын баалоо үчүн сынакка катышкан өлкөлөрдүн маданият ишмерлеринен турган эл аралык калыстар тобу түзүлөт.