Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата сүрөт-көргөзмө уюштурулду
Таланттуу студенттердин тарткан сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.
Сүрөт-көргөзмөгө назар салган студенттер.
Сүрөт-көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовго арналган ырлар да орун алды.
Сүрөт-көргөзмөнүн жүрүшүнөн.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун
туулган күнүнө жана 85 жылдык мааракесине карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда
студенттердин чыгармачылыгы менен жасалган “Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун
чыгармаларын окугандан кийинки сезимдеги издер” аталышындагы cүрөт -көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөдө чыгармачыл, таланттуу студенттердин Айтматовго арналган
ырлары жана тарткан сүрөттөрү илинип, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.