Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон аялга жардам беришти

Ысык-Көлдө коомдук коопсуздук камсыздап жүргөн кызматкерлер “Алтын-Кум” эс алуу жайында талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон аялга жардам беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Баткен облусунун 65 жаштагы тургуну эс-учун жоготуп жатып калганда кызматкерлер келип биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен.

Ага ылайык, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери полктун кызматкерлери өз убагында туура медициналык жардам көрсөткөндүгүн айтышып, адам өмүрүн сактап калышканы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан