Бишкектин бир бөлүгүндө бир күндөн ашык убакытка таза суу өчүрүлөт (тизме) 

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө 25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00гө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ичүүчү суу төмөнкү даректерде жок болот:

- Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская - Шүкүров көчөлөрү, 7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК. Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Маалымдалгандай, ичүүчү суу 11-кичирайондун Д-500мм суу өткөргүчүндөгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу “Көк-Жар”, “Улан-1”, “Улан-2” кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

" "Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан