Алматыда 53 жаштагы аялдын жүрөгү 23 жаштагы жигитке трансплантацияланды

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында дарыгерлер биринчи жолу донордук жүрөктү алмаштыруу операциясын жасашты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, татаал операция 6 саатка созулган. Орган донору 53 жаштагы аял болгон, ал мээнин өлүмүнө алып келген ишемиялык инсультка кабылган. Анын туугандарынын макулдугу менен жүрөгү жүрөк оорусу менен күрөшүп келген (клапан кардиомиопатия) 23 жаштагы жигитке салынган.

"Маркумдун жакындарынын адамгерчилик, адептүүлүк, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу адамдык сапаты аркасында бир эмес, бир нече адам өмүрү сакталып калды. Алардын туура чечими жигитке экинчи ирет жашоо берди. Жүрөк башка адамдын денесинде согуп жатат", - деген Кардиология жана ички оорулар илимий-изилдөө институтунун башкармалыгынын төрагасы Марат Пашимов.

Учурда бейтаптын абалы туруктуу, динамикасы оң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан