"Бузулушу керек". Бишкек мэриясы Чуйков көчөсүндөгү көп кабаттуу үй боюнча билдирүү жасады

Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында өз алдынча объектилердин курулушуна бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бардык материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен Чуйков көчөсү 132/2 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай бузулууга тийиш, анын заказчысы «Эконом Хаус» ЖЧКсы. “Эконом Хаус” ЖЧКсы өз алдынча курган көп кабаттуу турак жайды бузууга милдеттүү.

Ошондой эле Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын 14-февралындагы чечими менен Биринчи Май сотунун чечими күчүндө калтырылган", - деп билдиришти мэриядан.

Бирок Жогорку соттун 2022-жылдын 30-майындагы чечими менен иш биринчи инстанцияда жаңыдан кароого жиберилген.

Жыйынтыгында Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 17-февралындагы чечими менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Учурда Биринчи Май райондук сотунда соттук териштирүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан