Бостериде милиция кызматкерлери туристтердин жоголуп кеткен 4 жаштагы баласын таап берди

Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө туристтердин адашып кеткен 4 жаштагы баласын таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 19-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргөн ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен Орусиядан келген туристтер 4 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.

Ошол замат полктун кызматкерлери эс алуу жайдын айланасын издешип, баланы аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп берген. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетине Орусиядан келген туристтер ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан