"Футболкасы тытылып, акчалар чачылып...". УКМК Бишкек ШИИББнин капитанын кармады (фото)

УКМК тарабынан ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Бул иш боюнча Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди. А.Ч. жана К.Б.га карата жашаган жеринде, автоунааларында, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти УКМКдан.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Ч. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан