Түштүк Кореялык окумуштуулар адамдын уйку режими жашаган өлкөсүнөн көз каранды экенин аныкташты. Изилдөө Scientific Reports журналында жарыяланды.
Маалыматка караганда, экспериментке 11 өлкөдөн 30 миңден ашык адам катышып, 52 миллионго жакын уйку жазуусу алынган. Уйкунун эң кыска узактыгы 6 саат 51 мүнөт болуп Японияда белгиленген. Ал эми дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө катары белгилүү болгон Финляндияда бул көрсөткүч орто эсеп менен 8 саатты түзгөн. АКШ менен Канада дагы Финляндия сыяктуу бирдей көрсөткүчкө ээ.
Экспериментке катышкан бардык өлкөлөрдө орточо ойгонуу убактысы таңкы саат 7:00 экени аныкталган. Ошол эле учурда көп жумуш жасаган жана көңүл ачуу менен технологияга көбүрөөк убакыт бөлгөн өлкөлөрдүн жарандары кечирээк уктай турганы белгилүү болгон. Күндүз узак убакыт бою спорт менен машыккандар дагы башкаларга салыштырмалуу аз уктаганы маалымдалган.
Мындан сырткары, жарандар жуманын шаршемби күнү башка күндөргө караганда активдүү болору, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү кечирээк уктай турганы белгилүү болгон. Ошондой эле окумуштуулар күндү берекелүү өткөрүү менен моралдык жактан өзүн жакшы сезүү уйкунун сапатына таасир берип, адамдардын ден соолугу үчүн маанилүү роль ойной турганын билдиришкен. Алар көп сааттык жумуш жасап, аз кыймылдаган жарандар активдүү жашоо образын карманган өлкөгө барганда, дароо өзгөрүүгө дуушар боло турганын жана ошого жараша уйкунун сапаты менен узактыгы дагы өзгөрө турганын аныкташкан.
Ошондой эле жумуш убактысындагы жарым сааттык уйку иштин натыйжалуулугун 2,3 пайызга арттырган.