21-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте канализациялык коллектордун реконструкциялоосуна байланыштуу Чүй - Фучик көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү каттамдардын маршруттары жарым-жартылай өзгөртүлөт:
2-10-троллейбустар "Фрунзе заводунун" акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт, андан ары маршрут боюнча.
14-троллейбус Дэн Сяопин проспектисинен Интергельпо-Московская-Бейшеналиева-Чүй көчөлөрү менен кетет жана андан ары маршрут боюнча.