"Артыңардан кууп жүрүп жазалайбыз". Камчыбек Ташиев министрлерге эскертүү берди

Бүгүн, 20-июлда өтүп жаткан министрлер кабинетинин жыйынында УКМК төрагасы, министрлер кабинетинин орун басары Камчыбек Ташиев министрлерге эскертүү берди.

Ташиев билдирүүсүндө коррупцияга аралашкан министрлерди катуу жазалар күтүп турганын баса белгиледи.

"Мен дагы бир жолу эскертип айтып кетейин, мамлекеттик кызматта иштеп туруп коррупцияга байланышкан иштерге аралаша турган болсоңуздар баарыңыздар катаал чараларга туш болосуздар. Мурдагыдай таанышчылык, жердешчилик, досчулук деген жок. Ким мамлекеттик кызматта иштеп, коррупцияга аралаша турган болсо, президентибиздин тапшырмасы менен ар бириңиздер жоопко тартыласыздар. Ошондуктан кызматка келердин алдында ойлонгула.

Мындан ары чара катуу-катуу колдонулат. Муну эсиңерден чыгарбагыла. Мамлекеттин казынасына кол салган чиновник жазасыз калбайт, же бүгүн жазаланасың, же эртең жазаланасың, же бүрсүгүнү жазаланасың. Иштен кеткен болсоң дагы биз артыңдан кууп барып жазалайбыз", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан