Бүгүн, 20-июлда кыргыз эстрада ырчысы, көптөгөн хит ырлардын аткаруучусу Абир Касенов 38 жашка толду. Ырчы мырзаны өздүк майрамы менен куттуктап, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.

"Бүгүн туулган күнүмдү үй-бүлөм менен өткөрөм. Менин күтүүсүз белегим - эртең менен ойгонгондо балдарымдын белеги болду. Өз колдору менен сүрөт тартышыптыр.
Чыгармачылыгымда жаңы ырларды жазып жатам. Быйыл буюрса жаңы альбом чыгарууга аракет кылам", - деди ырчы.
"СУПЕР-ИНФО" ГЕЗИТИНЕ БЕРГЕН МАЕГИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР:
- Мен алгач обонун жазам. Обон жаралгандан кийин ага кандай текст жазылышы керек экенин өзүм билем. Орусча текстти өзүм жазам, кыргызчаны башкаларга жаздырам. Ырды 2-3 күн бир бөлмөдө жалгыз отуруп алып чыгарам. Ал учурда мага эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Эшик тыкылдаса эле эргүү качып кетиши мүмкүн. Мен түндө ойгонуп гитара кармап отуруп калышым мүмкүн. Анткени эргүү ар кайсы убакта келе берет.
- Мага бала бакчадан эле орус тилде пайдубал тургузуп коюшкан, дүйнөнү орус тилинде тааныдым. Мектепте, жогорку окуу жайында орусча окудум. Азыр бир аз үйрөнүп калдым. Бирок оюмду толук жеткире албайм. Тилди бала бакчадан баштап үйрөтүп, аң-сезимге сиңириш керек. Өлкөдө жалаң кыргыз тилинде иш алып барып, кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттендиребиз дешсе, мен биринчилерден болуп бул демилгени колдоп чыгам. “Кыргызча ырдабайсыңбы” деген сынды угуу мага оңой эмес. Кыргызча ырдай алам, бирок ал ырда эмоциямды жакшы бере албай калышым мүмкүн. Мен таза кыргызмын, жан дүйнөм кыргыз. Кыргызча сүйлөй албаганыма жаман болом.
- Мен кээде жубайымды жаңыдан сүйүп калам. Кандай учурда мындай болот, өзүм деле түшүнбөйм. Келинчегимди карап туруп эле сүйүп калам. Ал сезим бир канча убакыт жүрөт, асманда учуп калам. Бир убакта кайра көзүм ачылат, тиричилик көрүнө баштайт. Келинчегиме көнүп калдым. Ал да мага көнүп калган.
- 7-8-класста бир жигиттин гитара чертип Виктор Цойдун ырын ырдап жатканын көрүп калдым. Ушунчалык таасирленген экенмин, дароо гитара сатып алдым. Алгач бир байке жөн эле бир-эки чертип, кантип ойношту көрсөтүп берди. Анан өзүм эле үйрөнүп кеттим. Гитараны жонума асып алып шаар аралап жүрө берер элем. Кээ бирөөлөр жолдон «кел, чертип берейин» десе кошулуп ырдап, кыскасы, өткөөл курагымды гитара менен жүрүп өткөрдүм.

Абир Касенов 1985-жылы 20-июлда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн. 1-класска №66 мектепке кирип, кайра 2-класска көчкөндө №6 орус мектепке которулган. Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин аяктаган. Жаштардын табитине жаккан "Бир элес", "Асыл тумарым", "Вера в любовь" деген ырлары менен шоу-бизнеске аралашкан. 2016-жылдын 7-июлунда ырчынын "Ишеним" аталышындагы алгачкы автордук ырлар жыйнагынын бет ачары өткөн.
20-июлга карата жылнаама.