Биз социалдык тармакта

"Семёнов Тянь-Шанский" чокусуна кеткен турист 6 күндөн бери дайынсыз болууда. Куткаруучулар жөнөп кетти

"Семёнов Тянь-Шанский" чокусуна кеткен турист 6 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июлда 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы "Семёнов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришти.

Кечээ, 19-июлда издөө иштерине ӨКМнын "Эделвейс" тоодо куткаруу кошуунунан 6 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Алар кечки саат 21:20 чамаларында Ала-Арча капчыгайындагы "Хижина Рацека" альплагерине жетишип, түнөккө калышкан.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан