Бокс боюнча курама команда Азия оюндарына даярдык көрүүдө

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия оюндарына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мекемеден билдиргендей, 12-июлда башталган жыйын 1-августка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

Санжар Сейдакматов (51 килограмм);
Мунарбек Сейитбек уулу (60 килограмм);
Аскат Култаев (63.5 килограмм);
Нурадин Рустамбек уулу (71 килограмм);
Эркин Адылбек уулу (92 килограмм);

Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйын Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга календарлык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан