ЭЛДИК КАБАР: Токтогулдун Ничке-Сай айылындагы көпүрөдө жарака пайда болду (видео)

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылындагы көпүрөдө чоң жарака пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда жергиликтүү тургундар ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

Тургундардын айтымында, көпүрөдө жүк ташуучу унаа өтө алгыстай жарака пайда болгон.

"Көпүрө жүк ташуучу унаа өтө албагандай болуп жарылды. Түбүнөн бери жарылыптыр. Унаа өтсө эле кыймылдап жатат", - дешти тургундар.

Аталган көпүрө менен жергиликтүүлөр район, облус жана Бишкек шаарына каттайт. Эгер көпүрө урап калчу болсо, айылдын ааламга болгон каттамына бөгөт болорун кошумчалашты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан