
Ысык-Көлдө биринчи жолу легендарлуу "Ак куу көлү" балети көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган балет Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Ысык-Көлдө көрсөтүлөт. Петр Чайковскийдин айтылуу "Ак куу көлү" балетин 1-августтан 10-августка чейин саат 19:00дө Ысык-Көлдүн жээгинде "Рух-Ордо" маданий борборунан көрүүгө болот.
Балет Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамы тарабынан тартууланат.
Белгилей кетсек, “Ак куу көлү” балети Кыргызстанда алгач 1949-жылы коюлуп, башкы каармандардын образын Бүбүсара Бейшеналиева менен Уран Сарбагышев аткарган. Ал эми экинчи ирет 1965-жылы коюлса, 2016-жылы 3-жолу редакцияланып, жаңы үлгүдө сахнага чыгарылган.
“Ак куу көлү” балетинде ханзаада Зигфрид жана каардуу сыйкырчынын колунан ак кууга айланып калган Одеттанын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Зигфрид өзүнүн күчүнө ишенип, Одеттаны сыйкырдын туткунунан бошотуп алат. Бирок, каармандардын тагдыры кайгылуу аяктайт. Одетта көз жумат, ал эми ханзаада кыялдарынын көлүнүн жээгинде жалгыз калат.