Казакстанда белгисиз аялдын көчөдөн өтүп бара жаткан өспүрүм кызга кордук көрсөткөн видеосу интернетте тарап жатат.
Видеодон байкалгандай, белгисиз аял көчөдөн өтүп бара жаткан кызды кармап алып, анын колун, оозун жоолук менен байлаган. Андан соң аны каралбай калган имаратка алып кирип кеткен.
Казакстандын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, окуя Алма-Ата облусунда катталган. Анда 23 жаштагы аял имараттын ичине киргенден кийин өспүрүмдү жаакка чаап, болгон окуяны апасына жеткирүүсүн айткан. Ал эми кыздын апасы кордук көрсөткөн аялга карызы болгонун, ал мындай кадамга карызын өндүрүп алуу үчүн барганын билдирген.
Кыздын апасы судмедэкспертизадан баш тартып, кордук көрсөткөн аялдын үстүнөн арыз жазбай турганын айтканы маалым болду.
Учурда 23 жаштагы аялдын качып кеткени, ага карата 389-берененин (Өзүм билемдик) негизинде тергөө иши башталганы айтылууда.