Казакстандагы белгилүү "Бир болайык" теле-шоусу аркылуу таанышып, түтүн булаткан таттуу түгөйлөр Арген Асанов менен Аружан Бекешова учурда Вьетнамда бал айын өткөрүп жүрүшөт. Бул тууралуу блогерлер социалдык тармактагы баракчасында билдиришти.
Түгөйлөр Вьетнамдагы жүргөн видеосу менен бөлүшүп, алдына "Биздин Вьетнамдагы бал айыбыз башталды" деген билдирүү калтырган.
Белгилей кетсек, казак кызы Аружан менен кыргызстандык блогер Арген социалдык тармакты активдүү колдонгон түгөйлөрдүн бири. Алар Казакстандын "Бир болайык" берүүсү аркылуу таанышып, үй-бүлө курушкан. 11-июнда Казакстанда Аружандын кыз узатуу тою өтсө, 2-июлда Жалал-Абадда жаш жубайлардын заманбап үлпөт тою өткөрүлгөн.